Улгайган адамды былчылдата сабаган видеотасма чыкты. Судья шектүүлөрдү коё берген (видео)

524

“У Абдраима” кафесинин алдында улгайган адамдын сабалганы боюнча видеотасма чыкты. Журналист Назира Ахмедова жазган маалыматта окуя 14-июнь күнү болгон.

Чүй облусунун Кең-Булуң айылында Баатыр аттуу адам мас абалында достору менен бирге адамды ур-токмокко алышкан. Арачага түшкөн 60 жаштагы киши дагы муш жеген. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бейбаштар кармалган. Ал эми Ысык-Ата районунун судьясы Нурбек Тажибаев шектүүлөрдү сыртка чыкпоо тилкаты менен үй камагына кое берген.

Назира Ахмедова кылмыштын оордугуна карабастан судья шектүүлөрдү кое берди деп нааразы.

“Биздин судьялардын иши. Элестетиңиздер, эми сабалган адамдын уулу видеодон атасын көрүп кандай абалда калды. Жөн жерден катуу сокку алган атасы үчүн ызаланып турат. Бул маселени мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылды, бирок жыйынтык болгон жок. Мындай башаламандыкты көргөн судья кантип буга жол берди, кылмышкерлерди эркиндиккие кое берип. Муну кандай деп түшүнсө болот? Эң кызыгы, шектүүлөр “Гавайи” кафесине, “Үмүт” сүт заводуна ээлик кылган белгилүү бир туугандар Кайрат жана Джураттын күзөтчүлөрү болуп иштейт”,- деп жазат Ахмедова.

14 июня 2020 года некий Баатыр в нетрезвом состоянии со своими друзьями возле кафе "У Абдраима" в селе Кен-Булун…

Опубликовано Назирой Ахмедовой Вторник, 16 июня 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь