Бишкекте эркек киши сүйүктүүсүн кызганып аны барымтага алган. Окуя кечээ 17-июнда саат 19:30дар чамасында шлагбаум районунда болду.
Чогуу жашаган кызды бычактайм деп коркуткан жаран мас абалда көчөдө жаңжал чыгарган. Анын колунда бычак болгон. Жолдо бара жаткандар милиция чакырып, кылмышкерди кармашты. Эркек кишини кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, милиция кызматкери анча оор эмес жаракат алган. Ал эми барымтага алынган кыз бир нече жеринен жараат алып ооруканага жеткирилген.
Окуя болгон жерге милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, ыкчам тергөө тобу, ошондой эле Биринчи май РИИБдин №5 милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев барган.
Кармалган жаран 1984-жылы туулган С.К. экени аныкталды, ал Биринчи май РИИБне жеткирилген.