Ошто кыз узатуу тою токтотулду, ресторан жабылат

325

Ош шаарындагы “Алтын Ордо” ресторанында өтүп жаткан кыз узатуу тою токтотулду. Бул тууралуу Ош мэриянын маалымат кызматынан билдирди.

“Талаптарга баш ийбеген ресторандын ээсине жана той өткөрүп жаткан тарапка айып пул салынып, ресторан убактылуу жабылат”,- деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Эгерде Ош шаарында жашыруун той өтүп жатканын байкап калсаңыз шаардык мэрияга кабарлап коюңуз! 166 кыска номуруна байланышып, видео, сүрөттөрдү 0755 38 38 21 WhatsApp номерине жөнөтүңүз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь