Жогорку Кеңештин кызматкери 118 кызматына нааразылыгын билдирди

331

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу COVID-19 боюнча 118 кызматына нааразылыгын билдирди.

“Телефондон сылык жооп бергениңиздер менен эки күндөн бери менин үй-бүлөмдөн тест албай жатсыздар”,- деп жазды өзүнүн Фейсбук баракчасына.

Буга чейин 118 кызматынын дараметин күчөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов маселе козгогон.

«Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», – деп билдирген ал кечээки жыйында.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь