Республикалык ыкчам штабды эми Алмазбек Баатырбеков жетектейт

432

“Республикалык ыкчам штабдын иштерин мындан ары биринчи-вице-премьер министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт. Бул багытта аткарылган иштер өзүмдүн көзөмөлүмдө болот”, – деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, Коопсуздук Кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар сапаттуу, толук көлөмдө жана тийиштүү мөөнөттө аткарылышы керек.

Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күзгү-кышкы мезгилине карата комплексттүү даярдык чараларын ишке ашырууга тийиш, бул ооруп калгандардын санынын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин жана экономикалык ишмердиктин ар кандай багыттагы иштерине да даяр болушуна тиешелүү”, – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь