Медициналык кызматкерлер 200 миң сом өлчөмүндө каражат алуу үчүн атайын коронавирус менен ооруп жатышат деген маалымат чындыкка жатабы?

“Бүгүнкү күндө ар бир коронавирус жуктурган медициналык кызматкер кылдат текшерүүдөн өтөт. Атайын жуктурган учурлар катталган жок. Андыктан, такталбаган маалыматты таратуу туура эмес”, -деди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.

Башка оорудан каза болгон маркумдун жакындарына COVID-19 вирусунан каза болду деп жазуу үчүн акча сунуштап жатышат деген маалыматтар чындыкка жатабы?

«Бул маалымат чындыкка жатпайт. Ошондой эле, бийлик COVID-19 вирусу боюнча статистиканы атайын акча алыш үчүн көбөйтүп жатышат деген бардык маалыматтар жалган. Мындан улам, жогоруда айтылган жалган маалыматтарды уккан учурда бизге билдирүүңүздөрдү суранабыз, ар бир учур боюнча тыкыр текшерүү жүргүзүлөт», – деп билдирди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.

Белгилей кетсек, 23-инюга карата жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 341