Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлерге карата өкүм чыкты. Ага ылайык судья Адис Момуналиев экс-мэр Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратып райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондой эле өзүнүн жана аялынын эсептеги акча каражаттары конфискацияланат.
Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынып, үй камагынан бошотулду. Бирок Кулматов айып пул менен макул эместигин билдирди.
Башка айыпталуучулар дагы айп пулга милдеттендирилди.
Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.