“Керемет банкты” тоноп кеткендер кармалды (сүрөт)

740

Бишкек шаарынын Криминалдык милиция кызматынын тергөөчүлөрү уюшкан кылмыштуу топтун каракчыларын аныктап, кармашты.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 9-сентябрында беткапчан эки белгисиз жаран «Престиж» акча алмаштыруу жайына кирип барышкан. Алар Т.Б. аттуу жаранды тапанча менен коркутуп, денесине залал келтирүү менен 70 миң сом акчасын тартып кетишкен. Бул окуя “Тоноо” беренеси менен КЖБРге катталган.

2019-жылдын 7-ноябрында 30-35 жаштардагы эки жигит бетин оромол менен жабып, Москва көчөсүндөгү «Мебель-Малайзии” эмерек дүкөнүн тоношкон. Алар Т.Н. аттуу менеджер жана С.М. аттуу администраторду уруп-согуп, 60 миң сом акчага ээлик кылып качып кетишкен.

Ушул өңдүү аракеттер менен «Эко-Исламик-Банк» филилалынын кассасында тоноо болгон. Күзөтчүнүн колу-бутун таңып, анын тапанчасын тартып алышкан. Аталган банктын кызматкерин коркутуп 1 миллион 536 миң 365 сомду тоноп кетишкен.

Мындан тышкары «Сенсон-Гранд» акча аклмаштыруу жайы дагы тонолуп, 3 миллион 784 миң 546 сом уурдап кетишкен.

Ушул жылдын 12-июнунда спорттук дене-бойлуу 30-35тердеги кишилер тапанча менен кирип «Керемет-Банкты» тоношкон. Анда күзөтчү жана кассир денесинен жабыркап, 1 миллион 120 миң сомду алып кетишкен.

Аталган кылмыш иштеринин алкагында ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, криминалдык милиция кызматкерлери ИИМдин спецназдары менен бирге тоноого шектүүлөрдү кармашты. Алар 1975-жылы туулган С.А. жана 1983-жылы туулган А.Н болгон. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь