“Маалыматты монипуляциялоо” жөнүндө майзамга добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкты

326

2020-жылдын 14-майында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган эле. Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары депутат Гүлшат Асылбаева көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоорун бир  топ депутаттар жана массалык маалымат каражаттары керексиз, бир тарапка гана  иштеп калуу коркунучу бар деп айтып чыгышкан.

Көп өтпөй аталган мыйзам долбоору 2-окуудан өтүп 3- окууда кабыл алынып добушка коюлган. Бир топ талкуу жаратып, керек болсо бул мыйзамды кабыл албоо керек деген максатта, жарандар Ак Үйдүн алдында митинг өткөрүштү.

Добуш 25-июнь күнү болуп анын жыйынтыгы төмөндөгүчө аяктады:

Добушка баардыгы болуп 89 депутат катышкан. Анын 79у макул болуп 10 депутат- Ж.Акаев, А.Артыков, Д.Бекешев, А.Бешимбаев, К.Иманалиев, А.Мамашова, Н.Никитенко, К.Орозова, жана Э.Сурабалдиева  каршы добушун беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь