COVID-19 жуктуруп алган 41 медкызматкерге 200 миң сомдон компенсация төлөнөт

216

Кыргызстанда 41 медицина кызматкерине жумуш учурунда коронавирусту жуктуруп алган үчүн 200 миң сомдон компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басарына таянуу менен «Барометр» билдирет.

Учурда ар бир жуктуруп алган учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат.

“Биз алгач 24 кишини аныктаганбыз, андан кийин дагы 17 медицина кызматкерине да коронавирус, жумуш учурунда жукканы такталды. Булардын баарына 200 миң сомдон төлөнөт. “, — деди Каратаев.

Ал эми коронавирустан улам каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун жакындарына 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн дагы 19 медицина кызматкерине коронавирус жуккан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь