Индияда эки сутка ичинде чагылгандан 110 адам каза болду. Чет элдик басылмалардын маалыматында, Бихар жана Уттар-Прадеш штаттарында талаада иштеп жүргөндөр күтүүсүз аба-ырайынын алдында калган.

Өзгөчө кырдаал кызматынын эскертүүсүнө карабастан көпчүлүк эл үйлөрүндө отурган эмес. Каза болгондордон сырткары, ондогон адам жабыркаган. Ошондой эле чагылган малдарды дагы кырып, транспорт каражаттарына зыяны тийди.

Өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

“Уттар-Прадеш жана Бихарда катуу жаан, чагылгандан бир нече адамдын өмүрү кыйылганы боюнча суук кабар келип түштү. Штат бийлиги ыкчам жардам көргөзүү боюнча иштеп жатат”,- деп жазды ал.
Белгилүү болгондой, маркумдун жакындары 400 миң сомдон кенемте алышат. Өлкө бийлиги мындай туруксуз аба-ырайы дагы уланарын эскертип, элди жаан-чачын убагында үйдө отурууга чакырды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 59