Коронавирус менен ооруп жатканын айтып, видео кайрылуу кылган милиционер көз жумду

799

Бир нече күн мурун милиция кызматкери коронавирус менен ооруп жатканын, ал абдан опурталдуу илдет экенин айтып кыргызстандыктарга кайрылган видео тараган.

Ал Бишкекте Ленин РИИБнин КМКнын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакунов экени аныкталды. Белгилүү болгондой, ал бүгүн коронавирустан улам каза болду.

Маалыматка ылайык, ал ооруп жаткан учурда  Улуттук госпиталда дарыланып жаткан.

Ага коронавирус жугуп калган, өтүшүп кеткендиктен каза болду”-деп билдиришти кесиптештери. Б.Элакулов 36 жашта болгон.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь