Март айынан бери 54 адам пневманиядан каза тапты

373

“Март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 54 адам пневманиядан каза тапты. Алардын ичинен, 48 адам Бишкектен”, – деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Анын айтымында, бул аралыкта өлкөдө этиологиясы тастыкталбаган пневмания менен саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөндөрдүн саны 1145 адамды түзгөн. Алардын ичинен, 564 бейтап айыгып, 525 бейтап саламаттыкты сактоо уюмдарында жатат. Алар республика боюнча 117, ал эми Бишкекте 408 бейтап.

Бүгүнкү күндө COVID-19 менен күрөшүү үчүн өлкөдө 2156 койко-орун (анын ичинде 767 орун Бишкекте) даярдалган. Алардын 193ү интенсивдүү терапия палаталары”, – деди Сабиржан Абдикаримов.

Анын айтымында, азыркы учурда тастыкталган коронавирус менен стационарда 716 бейтап жатат. Анын ичинен, Бишкек шаарында 306 бейтап бар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь