Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун апасы Жибек Аманкулова дүйнөдөн кайтты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, маркум бүгүн каза болгон.

Жибек Аманкулова 1942-жылы 22-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген.

Канат Аманкуловдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Маркум үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары үчүн камкор эне, сүйүктүү жубай жана чыныгы дос болгон. Бул орду толгус жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз”,- деп жазылат некрологдо.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 82