Сузак районунун убактылуу кармоочу жайында 18 кармалуучу милиционерлер тарабынан сабалганына арызданышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлү Алишер Эрматов 24.kg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, буга чейин эки адам сот залында ичин кесип жиберген. Айыпталуучулар райондук соттун чечимине нааразы болушкан. Камактагылардын айтымында, тинтүү учурунда спецназдын аскерлери аларды сабаган. 

“Спеназ камактагылардын курч кесүүчү буюмдарды кайдан табышкандыгы боюнча тинтүү жүргүзүшкөн. Башка айыпталуучулардын айтымында, тинтүү учурунда алар катуу сабалган. Учурда Сузак РИИБнин УКЖда 19 адам отурат, алардын 18и кыйноо боюнча арыз менен кайрылышкан. Текшерүү учурунда жетөөнүн денесинде көгала тактар болуп чыкты. Биз бул боюнча прокуратурага кайрылалы деп жатабыз“, -дейт Алишер Эрматов.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 114