Экс-президент Алмазбек Атамбаев стационардык дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн УКМКдан билдирди.

29-июнда Атамбаев өзүн жаман сезип дарыгерге кайрылгандыктан, андан коронавируска ПЧР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы терс болуп чыкты.

Ошол эле күнү дарыгерлер онлайн-консилиум өткөрүшүп, ага “эки тараптуу пневмония” деген диагноз коюлду. Мындан улам Атамбаевди ооруканага которуу чечимин кабыл алышкан.

УКМК билдиргендей, Атамбаев акыркы жумада бир нече жолу адвокаты, жакындары менен жолугушкан.

Расмий маалыматтарда, адвокат Замир Жоошев COVID-19 вирусуна кабылган жакыны менен байланышта болгону айтылат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 55