Свердлов райондук соту Асел Кадырбекова катышкан жол кырсык боюнча чечим чыгарып, «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун (ГБР) машинесинин айдоочусун №1 тергөө абагына бир айга камады. Учурда жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. ооруканада, аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат.
Эске салсак, 26-июнда саат 15:45 чамаларында Тыныстанов көчөсү менен бара жаткан «Хонда Одиссейдин» айдоочусу, Медеров көчөсүнөн чыккан Кадырбекованын башкаруусундагы «Тойота Камрини» сүзгөн. Кырсыктан жабыркаган 1991-жылкы Асел Кадырбекова азыр дагы абалы оор бойдон ооруканада жатат.
Бул факт Жазык кодексиндеги 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.