Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатканын белгилеп, шайлоо эрежелери туруктуу болуу максатында укук жагынан сапаттуу даярдык болгонун айтты.

“Шайлоо өнөктүгүнүн адилеттүү жана сапаттуу жасалышы үчүн мыйзамдарды кабыл алып бердиңиздер. Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияга бирдей шарт түзүүнү, келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм. Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт. Эл арасында тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен деген сөздөрдү угуп жатам. Мен кандайдыр бир партияга эмес жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адамкерчилик катары мамилем болушу мүмкүн, бирок президент катары эч кимге моралдык дагы, материалдык дагы карызым жок. Менин тирегим эл, мени жалпы эл шайлаган. Бир кудайга жана элиме ишенем. Алдыда келе жаткан шайлоодо ички эркиндигиме таянып шайлоодо калыс шарт түзүп берүүгө аракет кылам. Ким жеңип келбесин аны менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштешкенге даярмын”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Шайлоого аттанып жаткан депутаттарды шайлоону таза өткөрүүгө жана ыплас жолдорду пайдаланбоого чакырды.

“Асмандагы айды алып берем деп, элди куру убада менен алдабай, реалдуу программа негизинде шайлоо өткөрүү ар бир партия, ар бир талапкерден көз каранды“,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Макала жактыбы?

НетДа
6
12
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 675