Алмазбек Атамбаевдин абалы орточо деп бааланууда. Бул тууралуу Асел Кодуранова КР президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгерине шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымы боюнча, аталган оорукананын башкы дарыгери депутат айымга Алмазбек Атамбаевдин коронавируска тапышрган тестинин жыйынтыгы терс чыкканын айткан.
Ооруканага Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков жана Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кундуз Жолдубаев, Назгүл Мамытова келип, аны менен жолугушууну каалашкан. Бирок аларды киргизбей коюшкан, башкы дарыгердин телефон номери беришкен. Дарыгерге Асел Кодуранова телефон чалып сүйлөшкөнү айтылды.
“Башкы дарыгердин айтымы боюнча Алмазбек Атамбаев “кызыл зонада” жатат. Ошондуктан ага эч кимди киргизбей жатышат. Ал жакка киргендердин бардыгы эки жумага карантинге алынышы керек” – деп билдирди Кодуранова.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылып, УКМКнын тергөө изоляторунан ооруканага которулганы айтылган.