Бейтаптар жыгылып калган видео. Дарыгерлер кабыл алууга жетишпей жатат (видео)

505

Улуттук госпиталда 29-июнь күнү 2 адам пневмониядан каза болду. Бул тууралуу госпиталдын башкы дарыгери Тилек Маратов билдирди.

Анын айтымында, даыргерлер бейтаптарды тейлөөгө жетишпей жатат.

“Абал оор, амбулатордук каза болгон эки адамды дарыгерлер кабыл алып, караганга жетишпей калышты. Анткени алар өтө оор абалда келишкен”,- дейт.

Ошондой эле Маратов кошумчалагандай, “көбү жумалап үйүндө өз алдынча дарыланып жатышат, аягында ушундай натыйжаны көрүүдөбүз”,- деп түшүндүрдү.

Социалдык тармактарда Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн алдында адамдардын жыгылып калган видеосу чыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь