Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин ооругандардын саны кескин жогорулап кеткенин айтып, өкмөткө карантиндик чектөөлөрдү киргизүү планын иштеп чыгууну тапшырды.

Эки күндүн ичинде мамлекеттик комиссия катаал карантин киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгат. Алар жаздагы март-май айларында колдонулган карантиндик аналогдун негизинде сунуштарын беришет. 

Токаев ведомство аралык комиссияны эң керектүү ыкчам жана катаал чараларды, мниторинг жана көзөмөлдү камсыздай алган жок деп сындады.

Казакстанда, 30-июнга карата бир суткада 492 адам коронавирус жуктуруп, 5 бейтап каза тапты.  Өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 21 819га жетти.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 65