Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы дайындалган Өкмөт мүчөлөрүнүн алдына үч милдетти койду.

“Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү ,силер оор кырдаалда, өтө жооптуу мезгилде кызматка киришип жатасыңар. Кырдаалды тез арада оңдой турган антикризистик Өкмөт болосуңар деп ишенебиз. Кимдин ким экени, унчукпай кылып жаткан иши да, курулай карандай гана сөзү да ушундай кырдаалда билинет. Өкмөттүн жаңы курамы өз ишмердигинде негизги үч милдетти артыкчылыктуу багыт катары карашы зарыл: Азыркы глобалдык илдеттин кесепеттерин жоюу, экономиканы калыбына келтирип өнүктүрүү жана келе жаткан шайлоону адилеттүү өткөрүү“, – деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн парламентте Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 371