Ырчы Болот Тасмаев 49 жашында каза болду. Буул тууралуу музыка чөйрөсүндөгү ырчынын жакындары жазып чыгышты. Алдын ала маалыматтарда ал оорудан улам бүгүн 30-июнда көз жумган.
Ырчы Болот Тасмаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен айылында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Болот Тасмаев кичинекей кезинен сахнага чыккан. Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектепти бүтүргөн. Андан соң жогорку окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыгарган эмес. 1991-1992-жылдары алып баруучулук менен алектенген. Болот Тасмаевди Кыргызстанга белгилүү кылган ыр – бул Кыялбек Урманбетовдун “Аманат” ыры. Эң биринчи альбому “Сен билген жоксуң” аталышында 14 ырды камтып, 2014-жылы чыккан.