Өзбекстандын Самарканд облусунда сиам түгөйлөрү төрөлдү. Эки баштуу төрөлгөн кыздар 27-июнь күнү кесарева жолу менен жарык дүйнөгө келди. Алардын денси бирөө, эки колу жана буту, бир жүрөгү, эки өпкөсү, бир ашказан жана бир маткасы бар. Булар сиам эгиздердин сейрек түрүнө кирерин (дицефальные парапаги) дарыгерлер айтышты.
Учурда ымыркайлар Самарканд облустук балдар медициналык борборундагы интенсивдүү терапия бөлүмүндө дарыланып жатышат.