Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан жана Казакстанды коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны тездик менен өсүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошту.

ДССУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгенин билдирүүсү уюмдун YouTube каналына жарыяланды.

“Кеминде 30 мамлекетте же аймактарда акыркы эки жумада инфекциянын жаңы учурдары көп катталды. Булардын ичинен 11 мамлекетте жана аймактарда, COVID-19дун тездик менен жайылышы көптөгөн жаңы учурлардын келип чыгышына алып келди, эгерде буга көңүл бурулбай кала турган болсо, калктын ден-соолугуна коркунуч туудурат“,- дейт Клюге.

Уюмдун расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, тизмеге кирген мамлекеттердин ичинде Кыргызстан жана Казакстандан сырткары, Азербайжан, Армения, Украина, Молдова, Албания, Түндүк Македония, Босния жана Герцеговина, Косово жана Швеция бар.

Euronews телеканалы жогоруда көрсөтүлгөн ар бир өлкөнү изилдеп чыкты:

Апрель жана май айларында Кыргызстанда эпидемия төмөндөп калгандай сезилген, бирок июнь айында вирустун жайылышы тездей баштады. Оорунун тастыкталган учурларынын саны июнь айынын орто ченине чейин бир кыйла өстү“,- деп айтылат телеканалдын маалыматында. 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 78