30-июнь күнү болгон автокырсыктан Евгений Требунский жана Илья Сидоров каза болушту. Бул тууралуу триатлон Федерациясы кабарлады.

Федерациянын маалыматына ылайык Евгений жана Илья 30-июнда эртең менен «Манас» аэропортунун жолунда велосипед тээп машыгууга чыгышкан. Ичимдик ичип алган айдоочу аларды катуу ылдамдыкта сүзүп кеткен. Натыйжада Илья Сидоров кырсык болгон жерден көз жумса Евгений Требунский тез жардам машинасында жан берди.

Эки спортсмен тең убагында профессионалдык велоспорт менен алектенишчү. СССР дин убагында көптөгөн биринчиликтерди жеңип жүрүшкөн. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн тарта Илья СССРдин спорт чебери ал эми Евгений КРдин спорт чебери болчу.

Евгений Требунский 44 жашта , Илья Сидоров 46 жашта болгон.

Эске сала кетсек 30-июнь күнү “Манас” аэропортунун жолунда кырсык болуп, анда ичимдик ичип алган айдоочу эки велосипедчен спортчуларды сүзүп кеткен. Натыйжада бири кырсык болгон жерден каза тапса экинчиси тез жардам унаасынан көз жумган.

Ал эми “Ауди” автоунаасынын айдоочусу 39 жаштагы Т.Ж Сокулук районунун жашоочусу, автоунааны башкарууда ичимдик ичип жүргөнү аныкталган.

Азыркы учурда автоунаа айып короосунда. Тиешелүү экспертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 168