Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Анварбек Иманбаевдин каза тапкандыгына байланыштуу некролог жарыялады. “Элдик медиага” өздүк булак билдиргендей Иманбаев коронавирустан улам көз жумду.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда 60 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Иманбаев Анварбек Шадыканович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Анварбек Шадыканович 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районунундагы Миң-Булак айылында туулган. Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң, 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенип келген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.

Кесиптешибиз ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты кесиптешибиздин жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
7
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 3 453