Кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү – Өкмөттүн бизнести колдоого багытталган бирден-бир кадамы. Бул тууралуупремьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты.

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз. Кредит берүү көлөмүн кыскаруу себептеринин бири коронавирус инфекциясынын кесепеттери болуп саналат. Ошону менен бирге коммерциялык банктардан кредит алуу процедураларынын татаалдыгын белгилей кетүү керек. Бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Документтерди топтоп жүрүп карыз алуучунун каалоосу жоголот», – деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилгенин эске салды.

«Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынын да, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Жакын арада дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл», – деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы «Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасына токтолду.

«Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдыг 25-июнуна карата 7 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 3,3 млрд сомго 6631 кредит берилген. Кредиттердин негизги бөлүгү жазында дыйкандар каражатка муктаж учурда берилген. Бирок биз көрүп тургандай, пландын жарымынан көбүрөөк бөлүгү аткарылды. Албетте, жазында карантин жарыяланган, бирок, кредит берүү көлөмүнүн кыскаруусу банктардын карыз алуучуларга карата талаптарынын жогорулашына байланыштуу деп эсептейм», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

«Биздин аракеттерибиздин баары карапайым жарандарга көмөк көрсөтүүгө багытталган. «Айыл чарбасын каржылоо» программасы ишкердик субъекттерге кредит берүү программасы сыяктуу эле калк үчүн жеткиликтүү болушу керек. Адистер пайыздык коюмдар өтө төмөн дешүүдө. Андай болсо, кредит алуу процедурасын жөнөкөлөштүрүү зарыл. Биз эки жылдан бери санариптештирүү тууралуу айтып келе жатабыз. «Түндүк» системасы киргизилип, анда 62 мамлекеттик орган өз ара иштешет. Коммерциялык банктар бул системага кошулуп, жарандарга кредиттик линия алуу үчүн зарыл документтерди топтоо процессин жеңилдете турган убакыт келди. Менимче, кредит алуу үчүн карыз алуучу 2-3 негизги документти, анын ичинде кредит алууга арыз жана бизнес-долбоорду көрсөтсө болот. Калган документтерди алар үчүн банктар мамлекеттик органдар жана башк банктар менен өз ара тыгыз аракеттешүүдө чогултуулары керек. Ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн, финансы институттарынын жана калктын санариптештирүүнүн алкагындагы өз ара аракеттенүү системасын жакшыртуу зарыл», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Премьер-министр Кубатбек Боронов эки жумалык мөөнөттө кредит алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 98