Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Атамбаевди жактаган тарабы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахмановду «парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиянын жасалма уставын, күбөлүгүн, мөөрүн жана колун пайдаланган» деп айыптоодо. Ошону менен кошо КСДПнын Атамбаевди жактаган тарабы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) да «партияны жасалма документтер менен шайлоого катышуучу партиялардын катарына кошту» деп сындады.

КСДПнын Атамбаевди жактаган тарабы БШКга жиберген кайрылуусунда партия парламенттик шайлоого катышуу боюнча эч кандай маалымдама бербегенин билдирген. Кайрылуусунда партия БШКдан КСДПнын Сагынбек Абдрахманов жетектеген тарабын парламенттик шайлоого каттабоону талап кылган.

Кайрылууда: «Белгилүү болгондой, Сагынбек Абдрахманов эки жылдан бери өзүн партиянын жетекчиси деп атап, КСДПнын уставын, күбөлүгүн жана мөөрүн алууга аракет кылып келе жатат. Сагынбек Абдрахманов 2017-жылы 9-августта КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен партиядан чыгарылган. Буга ал партиянын 15-июлдагы «Кыргызстандын президенттигине талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү тууралуу» чечимине каршы чыгып, өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтүшү себеп болгон. 2018-жылдын июль айынан тартып, Сагынбек Абдрахманов өзүн «Атамбаевсиз КСДП» деген уюмдун лидери деп атап, түрдүү жыйындарды өткөрүп, аларды мыйзамсыз түрдө «КСДПнын партиялык конференциялары» деп атап келген. Сагынбек Абдрахманов эки жылдан бери КСДПны мыйзамсыз ээлеп алууга аракеттенип келе жатат», деп жазылган.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылдын 18-апрелинде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин жазык жообуна тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Булак:”Азаттык”

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 56