ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча улук инспектору, милициянын капитаны Улукбек Умаров 9-июль күнү ооруканада көз жумду. Маркум COVID-19 илдетин жугузганы аныкталып, ооруканада дарыланып жаткан.

Улукбек Умаров – коронавирус жугуп каза тапкан саналуу милиция кызматкерлеринин бири. Буга чейин Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп каза болгон.

ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова да коронавирус жуккандан кийин көз жумган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Умаровдун жакындарына көңүл айтуусун жарыялашты.

Учурда Умаровдун жубайы — журналист Хулькар Исамова — ооруканада калууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 141