Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсык болгонун окуга күбө болгон жаран билдирди.

Анын айтымында, тез жардам унаасы Спорт ордосундагы күндүзгү стационарга оор абалдагы бейтапты алып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жеңил жаракат алса, медайымдын буту сынган.

Ал эми Ыкчам медицина борборунан аталган унаа Бишкетин тез жардам кызматына таандык эмес экенин билдиришти.

Кийинчерээк Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, жол кырсык бүгүн, 10-июлда саат 14:20 чамасында болгон. «Тойота» менен кагышкан тез жардам унаасы оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен тез жардам унаасындагы адам жабыркады. Ал ооруканага жаткырылды.

Окуя болгон жерде жол тескөөчүлөр иштеп жатат.

К сожалению, продолжение следует…

Опубликовано Болотом Ибрагимовым Пятница, 10 июля 2020 г.

Макала жактыбы?

НетДа
1
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 552