Бүгүн, 10-июлда Ош шаарынын Биринчи май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине Ош шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан ыкчам топ барып, андан тышкары 8 куткаруучу тартылып, 3 адамды куткарышкан. 1 адам каза болуп калган (аты-жөнү такталууда).

Куткарылган 3 жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген, абалдары туруктуу.

Ал эми каза болгон жарандын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 415