Бишкек шаарындагы ооруканалардагы кезектер басаңдап, айыккандардын саны көбөйгүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 13-июль Бишкек шаарынын мэриясы берген маалыматка ылайык,  борбор калаанын жарандары 8:00дөн 20:00гө чейин медициналык кеңеш алып, куйма дары сайдыра алышат.

“Ооруканалардагы кезектер басаңдап, айыккандардын саны көбөйүүдө. Статистикага ылайык, кайрадан ачылган стационарларга азыраак күч келүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

9 күндүн ичинде стационарлар 23 миң 819 жаранды кабыл алды. Анын ичинен 17 миң 890 ийне жана тамчылатып дары алышты, 781 тургунга медициналык кеңеш берилип, 139 адам жаткырылды. Тилекке каршы, 9 адам көз жумду.

Стационарлардын тизмеси:

  • Ак-Босого конушундагы № 81 мектебинде 40 орун бар;
  • Анкара көчөсүндөгү «Сейтек» мектебинде 50 орун;
  • Дордой-13 көчөсүндөгү № 94 мектепте 50 орун;
  • Аламүдүн-1 кичи районундагы № 38 мектебинде 50 орун;
  • Токтогул 20 көчөсүндөгү № 68 мектепте 30 орун;

ошондой эле, ар бир районго түнкү стационарларды ачуу пландалууда.

“Санитардык бөлүмдөр № 7 кичи райондогу «ДСК» спорт комплексинин базасында 97 орун даярдалып жатат, ал эми ишкерлер «Консул» ресторанын акысыз иштетүүгө уруксат беришти”, – деп кошумчалашты мэриядан.

Макала жактыбы?

НетДа
11
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 784