Ысык-Көл облусунда  Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын жашоочулары Максат Сабировдун айланысында болуп жаткан окуя боюнча билдирүү жазашты. Алар 13- июль күнү АКИpressке пресс-конференция беришкен.

Пресс-конференциянын катышуучуларынын айтымында эгер аудиожазуу чынында эле Сабировдуку экени аныкталса, анда  ал эл алдында кечирим сурашы керек.

Ак-Суу районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Турганбек Дылдаевдин  айтымында, социалдык тармактарда  Максат Сабировдун атынан аудиожаздыруу тарап жатат. ” Ким мындай чакырыктарды кылып жатса, мындай оор кырдаалда элди козутканы туура эмес иш. Эл менен бийликтин ортосуна чок таштабасын. Эгер ал чынында Максат Сабиров болсо, анда алгач өзү кызматы туурасында отчет берсин.” -деген сөзүн айткан Дылдаев

Белгилүү болгондой “Республика — Ата-Журт” партиясынын депутаты Максат Сабировдун бийликти күч менен басып алуу, элди көтөрүлүшкө үндөө максатында элге чакырык жасаган аудиожазуусу пайда болгон эле.

УКМК билдиргендей бул окуя боюнча териштирүү иштери башталып, аныкталса мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралат.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 275