Саясатчы Өмүрбек Бабанов кампада катылган керектүү дарылар аныкы деп жазып чыккандарга жооп берди.

“Калп канчалык чоң болсо, ошончолук бат таркайт!Кара пиарды жасоону токтот!
Андан көрө, муктаж болгондорго жардам бергиле!Фейсбукта жана айрым сайттарда дары-дармек склады мага тиешелүү деген жалган маалыматты таркатып башташты.

Эмне үчүн минтип алдап жатасыңар? Биздин доктурлар ар бир адамдын өмүрү үчүн, мекендештерибиз ар бир дем үчүн күрөшүп жатышканда, мындай кыянаттык менен калпты колдонууга болобу?

Социалдык тармактарда отурган жана жалган материалдарды бөлүшкөндөрдүн баарына мен айткым келет. Азыр адамдардын эмоциясын кыянаттык менен пайдаланган учур эмес! Азыр чындыкты айтыш керек!Дары кампасы мага же менин туугандарыма таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок!

Склад да, бул дары-дармектер да мага же эжемдин компаниясына эч кандай таандык эмес! Бирок элге чыгарбай катып жатышкандыктан аларды конфискациялап, элибизге бекер таратуу керек!”,-деп билдирди Бабанов.

Макала жактыбы?

НетДа
5
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 128