The New York Times америкалык басылмасы Кыргызстандагы ыктыярчылардын коронавирус учурундагы ишмердүүлүгүн жазды. Бул тууралуу limon.kg порталы жарыялады. Америкалык басылмага чыккан макалада, волонтерлор мамлекетке кандай жардам көрсөткөндөрү кенен баяндалат. Ошондой эле Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунан чыккан кедей мамлекеттердин бири экени жана коронавирустун жайылуусуна катуу дуушар болгону белгиленет. Бирок, вируска каршы күрөшүүдө ыктыярдуу күчтөрдүн жардамы болду.

“Ооруканаларда орун калбай, дарыгерлер жетишпей жатты. Дал ошол кезде миңдеген карапайым жарандар жардам кылууга шашылды. Мейманканалар жана ресторандар бейтаптардын жайына айланды. Активисттер медициналык кызматкерлер үчүн коргонуу шаймандарды, дары-дармектер, медициналык буюмдар, тамак-аш жана суу тапкан”,- деп баяндалат макалада. 

Макаланын тексти орус тилине которулганы кийинки шилтемеде limon.kg.

 

Макала жактыбы?

НетДа
77
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 3 640