Абакта каза болгон кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 30-июлда Бишкектеги өлүкканадан чыгарылып, байбичесине тапшырылды. Маркумдун сөөгүн алгач Ошко жеткирип, андан ары Өзбекстандын Ташкент облусуна алып кетишерин “Азаттыкка” жакындары кабарлашкан.

Байбичеси Хадича Аскарова “Азаттыкка” берген кыска маегинде укук коргоочу өмүрүнүн аягына чейин ага карата адилеттик орноп, абактан бошотуларына ишенгенин билдирди.

Маркумдун сөөгү өзү калтырган керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилери белгилүү болгон.

Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө – Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова 29-июлда «Өзбек элчилиги биринчи күндөн тартып Аскаровдун аялына реанимобил берүүгө, сөөктү чек арадан баштап коштоп кетүүгө даярдыгын билдирип келатканын» айткан.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда Бишкектеги №47 абакта каза болгон. Сөөгү борбор калаанын өлүкканасына жеткирилген.

ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 105