Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Кыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты.

Ид аль-Адха берекелүү майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолор менен эң жакшы каалоолорду кабыл алууңузду өтүнөм. Башаты жалпы адамзаттын моралдык жогорку баалуулуктарынын түпкүрүнөн алынган Аль-Адха кубанычтуу майрамынын эзелки салттары өз ара түшүнүшүүнүн, өз ара колдоонун, ошондой эле биздин эки элдин достугунун мындан ары дагы бекемделишине түрткү берет“,-деп айтылат Тажикстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

«Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн жана жигердүү өнүгүп жаткан стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе берерине күмөнүм жок», — деди Шавкат Мирзиеев.

«Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем», — деген каалоо-тилектерин жөнөттү Казакстандын Президенти.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 20