Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлерин “дөңгө туруп шабашка кылбагыла” деп кууган Талас аке аттуу жарандын видеосу чыкты. Видеотасмада көрүнүп тургандай, инспекторлор жол четинде жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан. “КамАЗ” айдаган айдоочу аларды бул жайга турганга болбойт деп кубалады. Инспекторлордун бири ага Талас аке деп кайрылып жатканын угууга болот.

Окуя 30-июль күнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында болгон.

Акырында укук коргоо органын өкүлдөрү айдоочунун айткандарын эске алып, турган жеринен башка жакка айдап кетишти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
43
10
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 6 791