Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан турат. Учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулаганын бүгүн, 31-июлда өкмөттөгү брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып, 7 күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй 900 сом бойдон калууда.

Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлерге (жугуштуу оорулар бөлүмү, интенсивдик терапия бөлүмү, жандандыруу, вирусологиялык лабораториялар, обсервациялар, мобилдик бригадалар) 1 сутка үчүн төлөмдөр жаңы механизм боюнча төмөнкүдөй:

  • Дарыгерлер – 3000 сом (30%га көбөйдү)
  • Орто медперсонал – 2500 сом (25%га көбөйдү);
  • Кенже медперсонал– 2200 сом (22%га көбөйдү).

Ошондой эле бул категориядагы медкызматкерлерге, обсервацияда жатканы үчүн 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү 7 күн үчүн 6 300 сомду түзөт.

Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлерге (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, стационарда, блокпосттор, обсервация, мобилдик бригадалар) иштеген 1 сааты үчүн төлөмдөр:

  • Дарыгерлер, административдик жана башкаруу персоналдар – 130 сом;
  • Орто медперсонал –120 сом;
  • Кенже медперсонал – 100 сом.

Үчүнчү категория: Тез жардам кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир адамды жеткиргени үчүн төлөнөт:

  • Дарыгерлер, административдик жана башкаруу персоналдар – 750 сом;
  • Орто медперсонал – 600 сом;
  • Кенже медперсонал– 500 сом.

Төртүнчү категория: Өлүкканада иштеген медкызматкерлерге

  • Дарыгерлер, административдик жана башкаруу персоналдар – 1250 сом;
  • Орто медперсонал – 1000 сом;
  • Кичи медперсонал – 800 сом.

Булак: Turmush

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 88