Молдованын Калараш районундагы Леордоая айылында “Манас” аталышындагы боз үй айылы ачылды. Бул локациядагы боз үй, андагы буюмдар, колдонулуучу каражаттар, тамак-аштын бардыгы кыргыз стилинде, бирок молдовалык колориттер менен жасалгаланган.

Бул жерден көчмөндөрдүн жашоо-турмушу менен таанышып, кыргыз боз үйүнүн өзгөчөлүктөрү, анын түзүлүшү жана аталышы жөнүндө билүүгө мүмкүн.

Боз үй айылынын администратору Лариса Амбросий мындай өзгөчө эс алуу жайын түзүү идеясы чет жерде пайда болгонун айтат. Лариса көп убакыт бою Ирландияда жашаган. Ал жактан Кыргызстандын жашоочусу менен таанышып, кийин курбусунукуна конокко барган. Кыргыз өлкөсүнө келген Лариса жергиликтүү колориттерге суктанып, аны биринчи кезекте, боз үйлөр кызыктырган. 

Эки курбу былтыр идеясын ишке ашырууга жетишкен, быйыл болсо боз үй айылы конок күтүүгө даяр.

Манас айылын көрүүгө кызыккандарды күнү-түнү да тосконго даяр. Болгону алдын ала жазылуусу шарт. Дем алыш күндөрдөн тышкары, күн сайын эртең мененки саат 10дон кечки 6га чейин боз үйдүн аймагына чакан экскурсия уюштурулат. Анда боз үйлөр менен таанышып, көчмөндөрдүн жашоосу, айрыкча кыргыз элинин салттары жана маданияты жөнүндө айтылат. Саякат болжол менен 20 мүнөткө созулат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 235