Бишкектин Биринчи май райондук соту мас абалында күзөтчүгө кол салган айдоочуга карата козголгон жазык ишин токтотту. Буга тараптар элдешип алганы себеп болду. Райондук соттун чечими 24-июнда чыкканы айтылды.

Быйыл 6-июнда Бишкектеги кафелердин биринин жанында Toyota Land Cruiser автомашинасынын айдоочусу күзөтчүгө кол салып, анын отурган күркөсүн бир нече жолу сүздүргөнү тартылган видео интернетте тараган. Кийин милиция аны Боом капчыгайына чейин кубалап барып, дөңгөлөгүнө ок атып кармаганын, мыйзам бузган адам 30 жашта экенин кабарлаган. Жанынан тапанча жана бычак табылган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин “Ээнбаштык” деген беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жаткан.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 260