Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик иснпекциянын Бишкек шаары боюнча инспектору көп батирлүү үй жайгашкан жалпы колдонуудагы жер тилкени текшерүүгө алды. Манас көчөсүндөгү №201 үйгө байланыштуу арыз түшкөн.

Инспекциянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, объектинин курулушу тиешелүү документтери жок жүргүзүлгөн. Буга байланыштуу административдик жоопкерчилик боюнча кодекстин негизинде сот тарабынан имаратты бузуу чечими чыгарылган. Сот чечими 7-август күнү аткарылды.

Бул турак жай жана андагы жашоочулар болгону тууралуу так маалымат айтылган жок.

Булак: Баракелде

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 237