10-август күнү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургунунан телефон аркылуу кабар келип түшүп, анда коңшусун белгисиз атуулдар подьезинде бычак сайып кетишкендигин билдирген.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган учурда Анар кичи шаарчасынын тургуну 1980-жылы туулган К.Ж. денесинин ар кайсы жерине 23 ирет учтуу нерсе менен сайылып каза болгондугу аныкталган. Ал эч жерде иштебегендиги жана 3-топтогу майып болгон. 
Буга шектүү катары, алыскы жолго чыгууга камынып жаткан кезде Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургуну Б. уулу А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү Б. уулу А. Кара-Суу районунун убактылуу тургуну, ажырашкан. Эч жерде иштебейт.
Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык шектүү менен маркум окуядан туура 5-6 күн мурда аталган батирде ичимдик ичип отурушуп өз ара түшүнбөстүктөн улам чырдаша кетишкен. Натыйжада шектүү ички таарынычы менен үйдөн чыгып кеткен. Андан соң ошол таарынычынан улам өч алуу максатында бычак алып келип, үй ээсин сыртка чакырып туруп, маркум чыгаары менен токтоосуз 23 ирет денесинин ар кайсы жерине бычактаган.
Үчурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүүнүн үстүнөн “адам өлтүрүү” беренеси менен тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 241