Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан дайынсыз жоголгон Салиева Муножат Абдукахаровна изделүүдө.
Ал 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жашаган өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында кайрадан коомчулукка жардам сурат кайрылат.
Дайынсыз жоголгон Салиева Муножат, 2002-жылы туулган, бою 165-170 см., жоголгон күнү үстүндө кара-ак (полосалуу) түстөгү джемпер, кара шым жана кара түстөгү бут кийими болгон. Айрым жакындар бул кызды жоголгон күнү Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнөн көрүшкөндүктөрүн айтышкан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо 03222-2-75-15,0702-17-09-17, 0551-05-42-75 телефондору аркылуу маалымат берип коюшуңуздарды суранат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 102