Журналист жана акын Мирлан Самыйкожо коомчулукка кайрылып, өзү тууралуу айтылган айың кептерге жооп берди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ак Талаа биримдиги» демилгеси менен жердештери акынга автоунаа белек кылышкан.

Самыйкожо кайрылуусунда эл арасында түрдүү кептер болуп жатканын, алдыдагы шайлоодо эч бир партия менен аттанбай турганын баса белгиледи.

“Бирөө сүйүп, бирөө күйүп, бирөө үрүп айтат деген чын! Соц тармактарда мен жөнүндө түрдүү кептер болуп атты. Унчуккан жокмун. Анткени иргөө болсун дедим. Чий көбүгү чыгып, чырайлары ачылсын деп тилимди тишиме каттым. Тепкиледиңер! Сөктүңөр! Уруштуңар! Каргадыңар! Коргодуңар! Колдодуңар! Ойлодуңар…
Алган белектин да “ээсин” таап эптедиңер. Эптеп эле эки конучту бир аякка кептедиңер. Кара жанды кашайта тепседиңер! Бирок, силер токуп алган чындыктын түбүнө бириңер да жетпедиңер. Анткени Ак, ийилгени менен сынбайт да. Белекти берген РАИМОВ МИРБЕК баштаган Ак-Талаа районунун жаштар ынтымагын да ыңгайсыз кылдыңар. Ошонун баарын көрүп туруп “силердин” пейилиңерге кейидим. Бирок, менин силерге болгон сүйүүм күчтүүлүк кылды. Эч бириңерге унчуккан жокмун. Бирдеме десем дагы “былгымаксыңар!” Териккен да актанган да жокмун. Анткени, ЖАРАТКАНГА жалгандыгым жок болчу. Мага ошол негизги далил эле. Буга чейин мени жакшы билгендер канча түрлүү машина мингенимди билишет. Азыркы заманда мындай машина менен жүрүү эч кимди деле таң калтырбайт деп ойлойм. Алты саныбыз менен абийирибиз аман, КУДАЙ сактасын! Мен бирөөгө моралдык да материалдык да карыз болуп кулдай өмүр өткөргүм келбейт. “Тизе бүгүп өмүр сүргөнчө, тике туруп өлгөн артык!” Так что сары санаа болбогула!
Эми, шайлоо боюнча айтсам. Мен эч бир партияда эмесмин. Болгон сунуштарга чечим чыгарганча чый-пыйыңар чыгып, куйкаңар курушуп, куруштуруп-тырыштырып тизмемден бери тизмектеп ийдиңер. Өзүм официалдуу жарыя кылбагандан кийин кантип “какшандыңар” билбейм… Бизди ушул мезгилге чейин эч ким желкелеп же жетелеп бир жерге отургузуп, оозубузга май чайнап бергени жок. Баталуу болгонубуз менен аталуу да эмеспиз. ЭЛ ичинде ЭЛ менен эле эрбеңдеп келатабыз. Дагы деле ЭЛ мененмин. Эгер парламентке керексиң деп ЭЛ айтса ошондо аттанабыз, буюрса. Ага чейин барчулар барып, “алчулар алып,” калчулар калып, салчулар салып турсун. Азыр, акчалуулардын, бакчалуулардын, такталуулардын заманы. Бизде болсо жалгыз калем менен ЭЛ деген ЖҮРӨК эле бар. Учурда партиянын эмес добуш берчү карапайым ЭЛдин эле тизмесинде турайын деген чечим кабыл алдым. “Жетим жүгүрүк” болууга НАМЫС жол берген жок! Кыскасы ушул… Ар бириңерди сыйлайм! Урматтайм! Бар болгула!

Макала жактыбы?

НетДа
9
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 285