Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Казакстандын  президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпин Кыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттукташты.

«Коронавирус инфекциясы күч алган соң, Кыргызстан менен Кытай бири-бирине колдоо жана жардам көрсөтүп келе жатат, эпидемия менен биргеликте күрөшүүдө жемиштүү кызматташтыкты жүргүзүүдө. Бул кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин толук чагылдырат. Эки өлкөнүн эли жалпы күч-аракеттеринин негизинде COVID-19 эпидемиясын кыска мөөнөттө сөзсүз жеңерибизге ишенем.

Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө абдан көңүл буруу менен эки өлкөнүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгын Сиз менен биргеликте алдыга жылдырууга даярмын», — деп айтылат Си Цзиньпиндин куттуктоо телеграммасында.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 20