Кечээ 30-августта Сузак районундагы Мадумар-Ата көчөсүндө жаш баланы унаа сүзүп кетти. Окуя саат 14:00дөр чамасында болгон. Видеодо көрүнүп тургандай жаш бала капыстан чуркап чыга калып, унаа алдында калган. Учурда жабырлануучунун абалы белгисиз.
Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарга жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктан кооопсуз өтүүнү үйрөтүңүз! Жолдо жүрүүнүн эң коопсуз жолдорун чогуу талкуулаңыз, балаңызга күн сайын эскертип туруңуз.