Тайвандын түндүк-батышындагы Синьчжу шаарында өткөн фестивалда үч жашар кыз батперектен керемет жолу менен аман калды. Ата-энеси кыз кантип батперектин жибин тартып алганын байкабай калган. Батперекке илинген наристени асманга 10 метр бийиктикке көтөрүп кеткен. Бир нече секунд бою бала элдин алдында асманда термелип, андан кийин жерге кулап түшкөн.

Ата-энесинин айтымында, кыз шок абалда калып, бирок денесине зыян келтирилген эмес. Окуядан улам, “Шамалдын шаары” деп аталган Синьчжудагы батперектер фестивалы үзгүлтүккө учураган. 

Макала жактыбы?

НетДа
4
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 137