Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу жазган арызын карады.

Анда партия лидери Адахан Мадумаров Турсунбай Бакир уулун тизмеге киргизүүгө даяр экенин билдирди.

“Бакир уулу эмнени каалап атат? Өзүн тизмеге киргизүүнүбү же биздин партияны өткөрбөй коюнубу. Ооба ал тизмеге киргиси келип атат. Эгерде Турсунбай Бакир уулун киргизүү талабы болуп атса, киргизип кое алабыз маселе жок, эгер БШК уруксат берсе“,- деген билдирүүсүн жасады.

Курултайда тизмедегилердин аттары номер менен эмес, атактуулугуна карап окулганын белгиледи. Ал эми Турсунбай Бакир уулу курултайга кандайча кирип калганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

“Жаштар уюштурушкан, Бакир уулунун сүрүнөн коркконбу же сыйлаганбы балдар киргизиптир. Мен кагаздар менен алек болуп отуруп, бул уюштуруу иштеринде жаштар тарабынан кеткен алешемдик”,- дейт Мадумаров.

Макала жактыбы?

НетДа
4
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 725